Суу камдап алгыла! Эртең Бишкектин кээ бир жерлерине ичүүчү суу берилбейт

Эртең, 11-мартта, шаардын райондорунун биринде муздак суу берилбейт. Ысык суу менен жылуулук да токтошу мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. 11-мартта Бишкектин кээ бир жерлеринде оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, саат 09:00дөн кечки 18:00гө чейин шаардын Абакан, Белгородск, Кустанай, Тирасполь көчөлөрүнө жана Архангельский кууш көчөсүнө ичүүчү суу берилбейт.
Бул "Киркомстром" суу дамбасындагы жана шаардык суу түтүктөрү тармактарын жазгы-жайкы мезгилге даярдоонун алкагындагы оңдоо иштерине байланыштуу болууда.
"Мындан сырткары, оңдоо иштерине байланыштуу "Бишкек жылуулук энерго" ишканасы 11-мартта аталган аймактарга ысык суу менен жылуулук берүүнү убактылуу токтотушу ыктымал. Ал эми 12-мартта саат 10:00дөн тарта Тимур Фрунзе, Гагарин жана Кахов көчөлөрү (Дыйканчылык институтунун аймагы) менен чектешкен аймакта суу жок болот", — деп айтылат маалыматта.
Суу берүү убактылуу токтотула турган мекемелердин тизмеси:
"Бишкек суу канал", "Бишкек жылуулук энерго" ишканалары жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.