Радио

Тайлаков: алып сатарлардан улам жарманкелерде деле азык-түлүк арзан эмес

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков азык-түлүк баалары бир айдын ичинде 20 пайыздан жогору көтөрүлсө, мамлекеттик жөнгө салуу механизми иштей баштаарын белгиледи.
Sputnik
Азык-түлүккө болгон бааны турукташтыруу үчүн жарманкелер уюштурулууда, бирок ал жакта деле баалар төмөн эмес. Бул тууралуу Кеңешбай Тайлаков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, баалар өткөн жылга салыштырмалуу 40-50 пайызга чейин өскөнү байкалган.
"Азык-түлүккө болгон баа сырткы факторлордун таасиринен болуп жатат. Себеби товардын көпчүлүгү сырттан импорттолот. Алсак, өсүмдүк майынын 85-90, жумуртканын 50-55, кумшекердин 50 пайызы сырттан алып келинет. Нарк башка өлкөлөрдө дагы өсүп жатат. Мындан улам баалардын көтөрүлүүсү объективдүү жана субъективдүү себептер менен негиздүү десек болот. Биз тараптан көңүл бурулуп, тийиштүү иш-аракеттер көрүлүүдө. Сурамжылоолор жүргүзүлүп, анын негизинде талдоо жасалууда. Жыйынтыгы өкмөттүн аппаратына жиберилип жатат. Ошондой эле бааны турукташтыруу максатында жергиликтүү бийлик, Айыл чарба министрлиги менен биргеликте жарманкелер уюштурулууда. Ал жакта деле баалар өтө арзан эмес. Себеби ал жакта да ортомчулар алып сатарлык менен алектенип жаткан фактылар аныкталган", — деди Тайлаков.
Аткаминер бааларды турукташтыруу үчүн айрым товарларга чектөө киргизилгенин кошумчалады.