БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Ушул жуманын башында АКШнын мамлекеттик департаменти 13 мамлекеттин жарандарына аталган өлкөгө кирүүгө коюлган чектөөлөрдү алып салды. Алардын арасында кыргызстандыктар дагы бар.
Бул чектөөлөрдү мурда Дональд Трамптын администрациясы киргизген. Ага ылайык, Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөр коюлган.
Эске салсак, 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка мурдагы президент Дональд Трамп кол койгон. Анда Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтышы керектиги айтылган.
Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Жо Байден инаугурациянын эртеси эле, 20-январда, буга чейин киргизилген чектөөнү алып салган.
Дүйшөмбү күнү Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайс 2020-жылдын 20-январына чейин визасы кабыл алынбаган арыз ээлери жаңы арыз тапшырып, жаңы каттоо жыйымын төлөшү керектигин белгилеген. Прайстын айтымында, 2020-жылдын 20-январына чейин же андан кийин визасы кабыл алынбагандар кайра арыз тапшырып, же каттоо жыйымы жок эле чечимди кайра карап чыгууну талап кыла алышат.
Мамдепартаменттин маалыматына ылайык, аталган буйруктан улам 2017-жылдын декабрь айынан бери 40 миң адам АКШга кирүү укугунан ажыратылган.