Ак үйдүн алдында жаңы Конституциянын долбооруна каршы митинг өтүүдө

Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда колдоп беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өтүп жатат. Бул тууралуу Sputnik кабарчысы жеринен билдирди.
Митингге чыккан 50гө жакын адам Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жокко чыгаруу керектигин айтышууда.
Алар ошондой эле Жогорку Кеңештин таркашын дагы талап кылып жатышат.
Референдум дайындоого кайсы депутат кандай добуш берди. Тизме
3-мартта Жогорку Кеңеш жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда колдоп берген.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.