Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт даяр болбой, эскилеринин мөөнөтү узартылды

Мөөнөтү бүткөн 2004-жылкы жана 2006-жылкы үлгүдөгү паспорт Кыргызстандын аймагында жана чет өлкөлөрдө жарактуу деп таанылат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспорттор (ePassport) өз мөөнөтүндө даяр болбогону үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш берилип, аталган ишке жооптуу орун басары Тилек Батырканов жумуштан алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Бир айда 20 миң адам паспорт алып, жарымы улутун көрсөттүрдү
КР жарандарына чек арадан өтүүдө тоскоолдук жаралбашы үчүн форс-мажордук жагдайдан улам киргизилген убактылуу чараларды маалымдоо тапшырмасы берилди.
"Өткөн жылдын 25-декабрынан тарта жаңы үлгүдөгү ePassport берүү пландалган. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги жаралган көйгөй тууралуу өкмөткө маалымат берген эмес", — деп айтылат маалыматта.
Өкмөт башчы Мамкаттоо төрагасына маселени тез арада чечүү тапшырмасын берип, эгер дагы үзгүлтүккө учураса катуу жаза колдонуларын эскерткен.