WhatsApp кээ бир смартфондордо иштебей калары айтылды

Учурда iPhonе үчүн каралган операциялык системанын расмий тизмесинде мессенджер колдой турган iOS 9 жана анын жаңыраак версиялары көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. WhatsApp мессенджери iPhone смартфондорунун эски үлгүлөрүндө эми иштебей калат. Бул туурасында РИА Новости WABetaInfo порталына шилтеме кылып жазды.
WhatsApp аркылуу жазышкандарды эми Telegram мессенджерине көчүрүүгө болот
Учурда iPhonе үчүн каралган операциялык системанын расмий тизмесинде мессенджер колдой турган iOS 9 жана анын жаңыраак версиялары көрсөтүлгөн.
2021-жылдын 1-январынан тарта операциялык системасы жаңыланбай калган iOS 9 же Android 4.0.3. сериялары аталган мессенджерди кармабай калган.