Радио

Курманалиев: кыргыз сому 5000 ирет бүктөгөнгө туруштук берет

Улуттук банктын нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башкы адиси Эмил Курманалиев сом 100 пайыз пахта пластынан жасаларын айтты.
Sputnik
Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде биринчилерден болуп өзүнүн улуттук валютасын чыгарган. Улуттук валютада Кыргызстандын тарыхый, маданий мурастары чагылдырылып келет. Бул тууралуу Эмил Курманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сом 100 пайыз пахта пластынан жасалып, 5000 ирет бүктөгөнгө туруштук берет.
"Улуттук банктын акча кредиттик саясаты 90-жылдардын башында өлкөдөгү инфляциялык кысымды басаңдатуу боюнча жүргөн. Ошентип Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп өзүнүн улуттук валютасын чыгарган. Азыр сом оригиналдуу дизайнга жана эң мыкты заманбап коргоо элементтерине ээ. Алсак, 5000 сомдук купюра дизайны жана коргоо элементтери жагынан абдан прогрессивдүү делип эл аралык "Жыл банкнотасы" сынагынын финалисти, ал эми 2000 сом номиналы АКШда өткөн банкноталардын 2018-жылы өткөн эл аралык конференциясында "Банкнота индустриясындагы мыкты инновация" номинациясынын жеңүүчүсү деп табылган", — деди Курманалиев.
Адис улуттук валюта дүйнөлүк тажрыйбада жана Интерполдун сунуш-көрсөтмөлөрү боюнча жасалма акчаларга жол бербөө үчүн 7-10 жыл аралыгында банкнотанын коргоо элементтери жана дизайны алмашыларын кошумчалады.