Түркиянын ТИМ башчысы Кыргызстанга келип Жапаров менен жолугат

Сапардын алкагындагы сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндɵ эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык маселелер талкууланары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Эртең, 10-мартта, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын алкагында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин сүйлɵшүүлɵрү жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун төртүнчү жыйыны ɵтөрү айтылды. Мындан сырткары, Чавушоглунун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугары дагы пландалууда.
"Алдыда боло турган жолугушуулардын жана сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндɵ саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары ɵнүктүрүү жана бекемдɵɵ боюнча мурда жетишилген келишимдерди, кыргыз-түрк мамилелери үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылууда", — деп жазылат маалыматта.
Түрк кеӊешинин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда кызматташтыкты кеӊейтүү жана аталган эл аралык уюмдун күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча да пикир алмашуу болору кошумчаланды.