Киши өлтүрүп, теракт жасамак. УКМК террордук уюмдун мүчөлөрүн кармады

Кармалган эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү өлкө аймагында коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууну пландап жүргөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда адам өлтүрүү жана террордук аракеттерди ишке ашырууну пландаган бандиттик топтун мүчөлөрүн кармады.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда адам өлтүрүү жана террордук аракеттерди ишке ашырууну пландаган бандиттик топтун мүчөлөрүн кармады
Мекеменин маалыматына ылайык, кармалган адамдар Сириядагы эл аралык террордук уюмдардан атайын даярдыктан өтүп келишкен. Алар өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу жана өлкө аймагында террордук актыларды уюштурууну пландап жүргөнү айтылды.
"Алар диний көз караштарга байланыштуу колго жасалган жарылуучу заттар менен жана ок атуучу куралдар менен жарандарды өлтүрүүнү пландашкан", — деп жазылат маалыматта.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, териштирүү жүрүп жатканы кошумчаланды.