Шаардык кеңештердин шайлоосуна кайсы партия көп катышып жатат? Тизме

Жакында эле жаңыдан түзүлгөн "Ата Журт Кыргызстан" партиясы 21 шаардагы шайлоого катышып жатканы маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 59 саясий партия 28 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин сунуштады.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелге белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы 12-мартка чейин талапкерлерди каттап, акыркы тизмени жарыялайт.
Шаардык кеңешке шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялар:
Мындан сырткары, 10 партия эки жана 23 партия бир шаардагы шайлоого катышууга арыз тапшырган.
Толугураак маалымат БШКнын расмий сайтына жарыяланган.