Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен бармай болду

Сапардын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
"Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.
Түркиянын ТИМ башчысы Кыргызстанга келип Жапаров менен жолугат
Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуулары пландаштырылууда.
Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда.