Радио

Мураталиев: кыргыздын туусу кызыл, асабасы көк болгон

"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев "Манас" эпосундагы туу менен асабанын айырмасы тууралуу айтып берди.
Sputnik
2010-жылы атайын комиссия түзүлүп, тууну өзгөртүү, анын кызыл өңү тууралуу кеп козголду. Анда 1992-жылы мамлекеттик туу шашылыш кабыл алынып калгандыгы, кызыл өң болгон үчүн революция, кан төгүүлөр токтобой жаткандыгы тууралуу сөз болгон. Бул тууралуу Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кызыл түс кыргыз элинде бийликтин белгиси.
"2010-жылы мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Анын курамына мен да чакырылгам. Ошого байланыштуу Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин варианттарындагы "Манас" эпосунун Улуттук илимдер академиясында жаткан түп нускасын окуп чыккам. Анда "Манастын кызыл туу, көк асабасы" деп айтылат. Кыргызда "туум кулап", "таянар туум бол" деген да сөздөр бар. Эпосту окуп отуруп биз туу бул ошол желбиреген байракты кармап турган тирөөчү, катуу бөлүгү экенин түшүнөбүз. Ал кызыл түстө болгон. Ал эми желбиреген матасы асман өңүн алып жүргөн. Анткени кыргызда кызыл бийликтин, толуп жетилип, бышкан, күчтүн, кубаттуулуктун белгиси болсо, ачык көк тынчтыктын, токтоолуктун түсү катары сыпатталган", — деди Мураталиев.
Кыргыз таануучу бийликтин белгиси катары берилчү штандарт кызыл түстө, ал эми мамлекеттик туу асмандын түсүндө болсо туура келерин кошумчалады.