Бир суткада 23 кишиден COVID табылып, эки бейтап көз жумду

Азыркы учурда 330 киши ооруканаларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 82си оор абалда болсо, 14 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. 256 адам үй шартында дарыланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 23 кишиден табылып, 31 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жалпы 86 606 бейтаптан аныкталды.
Айыккандар:
Жуктургандардын ичинен өлкөдө 83 606 бейтап дартты жеңген.
Коронавирустан айыккандар чалдыгышы мүмкүн болгон оорулар. Тизме
Тилекке каршы, кечээтен бери Бишкекте эки бейтап көз жумду. Аларды эсепке алганда 1 475 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Азыркы учурда 330 кишинин ооруканаларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 82си оор абалда болсо, 14 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. 256 адам үй шартында дарыланууда. Бир сутка ичинде медиктер арасында коронавирус жуктурган учур катталган эмес.