"Евровидение-2021" сынагына Россиядан тажик кызы катышат. Видео

Бул жылы эл аралык сынак Нидерландда өтөт. Ырчылар өнөрүн сахнада, кадимки тартипте көрсөтөрү айтылды. Бирок көрүүчүлөр болбой калышы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. "Евровидение-2021" сынагына Россиянын атынан Manizha аттуу ырчы катышат.
Маалым болгондой, ал көрүүчүлөрдүн көп добушун топтоп жеңишке жеткен. Добуш берүүнүн жыйынтыгы 8-март күнү Биринчи каналдан айтылган. Аталган сынакка катышуу үчүн "2Маши" жана Therr Maitz топтору да ат салышкан.
Брюс Лини туураган Нурмухаммед өзгөчө өнөрү менен рекорд койду. Видео
Manizha (Манижа Сангин) — Тажикстанда туулган россиялык ырчы. Ал соцтармактарга музыкалык видеолорду жарыялап жүрүп атактуу болгон. 2020-жылдын декабрь айында ырчы кыз Россиянын атынан БУУнун качкындар иштери боюнча биринчи ыктыярдуу элчиси болгон.
"Евровидение" сынагы былтыр коронавирус пандемиясынан улам болбой калган. Быйыл эл аралык сынак 18-22-майда Роттердамда (Нидерланд) өтүп, ага 41 өлкөнүн өкүлү катышат. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара кадимки тартипте өтөт. Бирок делегация курамы менен журналисттердин саны кыскартылат. Ошондой эле шоуга көрүүчүлөр кирер-кирбеси азырынча белгисиз.