Оорулуу болгон. Чүйдө энесин бензин чачып өрттөдү деп уулу кармалды

Бүгүн эртең менен милицияга Арал айылынан чакыруу түшкөн. Алдын ала маалымат боюнча, шектүү психикалык оору менен жабыркайт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районунда 44 жаштагы эркек киши улгайган апасына бензин чачып өрттөп ийди деген шек менен кармалды. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 9-мартта, эртең менен саат 06:30да РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арал айылынын тургундарынан чакыруу түшкөн. Милиция кызматкерлери барганда 81 жаштагы кемпирдин сөөгү өз үйүнөн табылган.
Бул кылмышка шектелип маркумдун 44 жаштагы баласы кармалды.
"Тергөө учурунда шектүү өз энесине бензин чачып өрттөп жибергенин айтып, кылмышын мойнуна алды. Алдын ала маалымат боюнча, ал психикалык оору менен жабыркайт. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Шектүү Жайыл райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Жазык кодексинин 130-беренеси менен КЖБРге кетталып, сотко чейинки териштирүү башталган.