Элчи Карловду өлтүргөндөргө Анкарада өкүм чыкты

Буга чейин аталган оор кылмышта фигурант болгон 19 киши акыркы сөзүн сүйлөп, бардыгы күнөөсүн мойнуна албай, актоону талап кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Анкаранын экинчи соту 2016-жылы Анкарада Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов атып өлтүрүлгөн иш боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Аталган оор кылмышта фигурант болгон 19 киши буга чейин акыркы сөзүн сүйлөп, бардыгы күнөөсүн мойнуна албай, актоону талап кылышкан.
Радио
Ибрагим Жунусов: элчини аткан киши менен тиктешип калганда полиция деп ойлогом
Күнөөлөнүп жаткан 28 кишинин бешөө өмүр бою эркинен ажыратылды, алардын ичинен үчөөнү өлтүрүүгө түздөн-түз тиешеси бар деп аташты. Кесилгендердин арасында Түркиянын Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча башкармалыгынын мурдагы кызматкерлери Шахин Сөгүт (тергөө аны дипломатты өлтүрүү боюнча кураторлук кылган деп тапты) жана Хусейн Кетүже, түркиялык полициянын мурдагы кызматкерлери Ахмет Кылычарслан жана Салих Йылмаз, Улуттук чалгын уюмунун Россия боюнча бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси (MIТ) Вехби Күршад Акалын аттуу кызматкерлер бар.
Тогуз адам 5 жылдан 15 жылга чейин кесилип, дагы бешөө акталды. Күнөөлөнүп жаткан дагы 9 киши учурда издөөдө.
Жактоочулар чыгарган өкүмгө арыздана тургандыгын билдиришкен. Адвокаттардын бири РИА Новостиге соттук жараян үчтөн беш жылга чейин созулушу мүмкүндүгүн айткан.
Белгилей кетсек, 2016-жылы 19-декабрда Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловду сүрөт көргөзмөсүн ачып жаткан учурда полиция кызматкери Мевлүт Мерт Алтынташ атып өлтүргөн. Кылмышкерди коопсуздук кызматы ошол жерден жок кылган. Анкаранын прокуратурасы кылмыш ишин териштире баштаган.
28 адам айыпталып, күнөө анын ичинен Фетхуллах Гүленге да тагылган. Ал бардык айыптарды танып келет. Күнөөлөнгөн бүтүмдө Карловду өлтүрүү — Түрк-Россия мамилелерине шек келтирүү максатында жасалган чагымчылдык деп айтылган.
Анкарада Россиянын элчисин өлтүргөн кишинин сөөгүн туугандары албай койду
Россия элчисинин өлтүрүлүшү боюнча соттук иш 2019-жылдын 8-январында башталган.
Түркиянын прокуратурасы айып тагылган 8 кишини өмүр бою эркинен ажыратууну суранды. Алар: Шахин Сөгүт, Рамазан Йүждел, Ахмет Кылычарслан, Салих Йылмаз, Хусейин Кетүже, Вехби Күршат Акалын, Хайреддин Айдынбаш жана Мустафа Тимур Озкан.
Айып тагылган беш кишини — Хасан Тунж, Айша Сөгүт, Каан Булбул, Сержан Башар жана Уфук Гүлдү прокуратура 15 жылга эркинен ажыратууну талап кылды. Дагы алты киши — Догукан Сейлемез, Кадир Шамлы, Огузхан Озтүрк, Абдульсамет Кекеч, Сефи Курназ жана Билал Дерелини актоону сурады.
Маалыматта 9 кишинин, анын ичинде Фетхуллах Гүлендин издөөдө экендиги айтылган.