Бишкекте митингге тыюу салган чечимге каршы болгондор сотко даттанды

Митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимге каршы болгон активисттер сотко арыз менен кайрылган. Иш эми Бишкек шаардык сотунда каралмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Демилгелүү топ Бишкектин борборунда митинг жана жүрүштөргө тыюу салган Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы сотко кайрылды. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди.
22-февралда Биринчи май райондук администрациясы "Ала-Тоо" аянтында жана эски аянтта түрдүү акциялардын өтүп жатышы шаардыктарга жана транспорт кыймылына тоскоолдук жаратып жатканын айтып сотко кайрылган.
Ак үйдүн алдында жаңы Конституциянын долбооруна каршы митинг өтүүдө
Биринчи май райондук соту акимчиликтин арызын канааттандырып, шаардын борборунда 22-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган.
Бул чечимге каршы болгон "8/365" деп аталган демилгелүү топтун өкүлү Евгения Крапивина 5-мартта сотко даттанган. Иш Бишкек шаардык сотуна өткөрүп берилет.
Кечээ шаардын борборунда аялдардын укугун коргоого багытталган тынчтык жүрүшү өтсө, бүгүн жаңы Конституциянын долбооруна каршы болгондор митингге чыкты.