БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Милиция жүргүнчү каза тапкан жол кырсыкта таксист уктап кеткен болушу мүмкүн деген версияны карманууда.
Бишкек шаардык милициясы Sputnik Кыргызстан агенттигине кандуу кырсыктын чоо-жайы тууралуу айтып берди. Буга чейин милициянын кайгуул кызматы Түштүк магистралында Honda Fit үлгүсүндөгү унаа түркүктү сүзүп, жүргүнчү көз жумганын билдирген.
ШИИББдин версиясы боюнча, такси кызматынын унаасы түркүктү эмес, жолдогу троллейбуска урунган.
1992-жылы туулган жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумуп, милиция КРдин Жазык кодексинин 297-беренеси ("Жол эрежесин бузуу") боюнча кылмыш ишин козгоду.
Шектүү 20 жаштагы таксист кармалып, Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына бошотулган.
Экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгына жараша шектүүнүн аракетине юридикалык баа берилмекчи.