Бишкекте кафе толугу менен күйүп кетти. Сүрөт

Кафенин 150 чарчы метрлик чатыры, ички жасалгасы, буюмдар жана беш муздаткыч күйүп кеткени кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкектин Фрунзе көчөсүндө жайгашкан "Бутчер" кафеси толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт 9-март күнү таңкы саат 04:00дө чыккан.
"Кафенин 150 чарчы метрлик чатыры, ички жасалгасы, буюмдар жана беш муздаткыч күйүп кеткен", — дешти ӨКМден.
Кырсыктан жабыркагандар жөнүндө маалымат айтыла элек. Өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.