Бишкекте казак акыны Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгы белгиленет

Иш-чарага Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова жана Өзбекстандын маданият министринин орун басары Олимжон Мирзаев катышары маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкекте казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата салтанат өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ага ылайык, акындын 175 жылдыгына карата 10-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында "Миң таазим Абай акынга" аттуу чоң программадагы концерт уюштурулат.
Жапаров Казакстандагы жалгыз манасчы Алимжановго "Достук" орденин тапшырды
Иш-чарага Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова жана Өзбекстандын маданият министринин орун басары Олимжон Мирзаев катышары маалым болду.
Анда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстан мамлекеттеринин өнөр адамдары талантын тартуулашат. Концерт саат 18:30да башталары айтылды. 
Абай Кунанбаев — казак элинин улуу акыны, философ-гуманист, композитор, көркөм сөз өнөрүнүн зергери. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы, окурмандар арасындагы орду казак элинин маданиятынын калыптанышы үчүн түрткү болгон. 2020-жыл Түрк маданиятынын эл аралык уюму (Түрксой) тарабынан Абай жылы деп жарыяланган.