Жапаров биринчи айым менен филармонияга барып концерт көрдү. Сүрөттөр

Улуттук филармонияда Аялдардын эл аралык күнүнө карата "Ааламдан кең, апа сенин бешигиң" аттуу концерти тартууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Асанбаева экөө "Эл ырчысы Эстебес" тобунун концертин көргөнү барды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
1 / 4
Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Асанбаева экөө "Эл ырчысы Эстебес" тобунун концертин көргөнү барды
2 / 4
7-март күнү филармонияда Аялдардын эл аралык күнүнө карата "Ааламдан кең, апа сенин бешигиң" аттуу концерти тартууланган
3 / 4
Концерттин сценарийин топтун көркөм жетекчиси, КР эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучев жазган
4 / 4
Койгон режиссёру КР эл артисти Алтынбек Максүтов.
7-март күнү филармонияда Аялдардын эл аралык күнүнө карата "Ааламдан кең, апа сенин бешигиң" аттуу концерти тартууланган.
Марипов карылар үйүндөгү энелерди көрүп, көзүнө жаш алды. Видео
Концерттин сценарийин топтун көркөм жетекчиси, КР эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучев жазган. Койгон режиссёру КР эл артисти Алтынбек Максүтов.
Эне темасына арналып, абийир, ыйман, мекен, миграция маселелерин чагылдырган театрлаштырылган концертте КР эл артисти Нуржамал Табалдиева, КР эмгек сиңирген артисти Амантай Кутманалиев, ырчылар Өмүрзак Кайыпов, Мээрим Карыпова, Элзар Өскөнбаева, Гүлгакы Сагындыкова, Турдукан Сарбанова, Элдияр Желдеңбаев, Таалай Иманкулов, Талант Сыдыков, Өскөн Дүйшөмбиев, комузчу Эмил Ишенбек уулу жогорку деңгээлде өнөрлөрүн көрсөтүшкөнү белгиленет.