Апта ирмеми: асманга атылган жанар тоодон уурдалган окуучуларга чейин

Sputnik

Суматра (Индонезия) аралында Синабунг жанар тоосу атылды. Анын күлү менен түтүнү беш чакырым бийиктикке сапырылды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапар менен барып, өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев жана туңгуч президент Нурсултан Назарбаев менен жолукту.

Ереванда (Армения) премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган оппозициянын нааразычылык акциясы өттү.

Индияда коронавируска каршы эмдөө учурунан бир ирмем. Serum Institute of India кызматкерине AstraZeneca компаниясынын Индиядан чыккан CoviShield препараты сайылууда.
Кемшейип, коркуп, чакчайып... Коронавирустан эмделгендердин реакциясы сүрөттө
Казакстандагы Байконур космодромунан "Союз-2.1б" космос кемеси асманга учту. Ал Арктика чөлкөмүндөгү климатка жана айлана-чөйрөгө байкоо салуучу алгачкы россиялык "Арктика-М" космостук аппараты менен кошо учурулган.

Нигериянын түндүк-батышында согушкерлер мектепке кол салышып, 317 окуучу кызды уурдап кетишкен. Кийинчерээк балдар куткарылды.

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин Ан-26 учагы менен парашюттан секирүү боюнча машыгуусу өттү.

Сенегалда оппозиция лидери жана президенттикке талапкер Усман Сонко камакка алынгандан кийин өлкөнүн Дакар жана башка шаарларында массалык митингдер өтүп, имараттарды өрттөө жана мародерлук менен коштолду.

Италияда салттуу Милан мода жумалыгы өттү.

Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында миңдеген атчандардын катышуусунда аламан улак болду. Улакчылар 70 килограммдык торпокту марага таштап мелдешти.