Кыргыз аялы үй-бүлө ынтымагынын кам көрүүчүсү. Жапаровдун куттуктоосу

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Мамлекет башчысы аялзаты эзелтеден үй-бүлө очогунун сактоочусу, элдин эркиндикке умтулуусунун ыйык символу болуп келгенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Өлкө башчысы куттуктоосунда кыргыз аялын бүгүнкү күндө үй-бүлө ынтымагынын жана бакубаттыгынын кам көрүүчүсү деп сыпаттайт.
"Аялзаты эзелтеден үй-бүлө очогунун сактоочусу, элдин эркиндикке умтулуусунун ыйык символу болуп келген. Кыргыз коомунда аялдарга сый-урмат менен мамиле жасоонун салты калыптанып, алар элибиздин коомдук жана саясий турмушунда маанилүү роль ойношкон. Муундан-муунга өтүп келе жаткан өрнөктүү салт-санааларыбызды үзбөй сактаган кыргыз аялы бүгүнкү күндө үй-бүлө ынтымагынын жана бакубаттыгынын кам көрүүчүсү болуп келет", — деп айтылат куттуктоодо.
Кыйындыкта бел болуудан тайбадыңар! Марипов аялзатын ыр окуп куттуктады. Видео
Кыйындыкта бел болуудан тайбадыңар! Марипов аялзатын ыр окуп куттуктады. Видео
Мамлекет башчысы дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн ого бетер көбөйтүп, алардын мойнуна кошумча мээнет жүктөгөнүн айтат. Анда аял-врачтардын, медайымдардын, ыктыярчылардын каармандыгын, жөнөкөй жарандарыбыздын өтөгөн эмгеги эч качан унутулбастыгын, бул күтүлбөй келген кырсыкка каршы күрөштө алардын алдыңкы катарда турушканын өзгөчө белгилеген.
Аялдар коомдун бардык тармактарында эмгектенип, жумушка жооптуу жана жаңычыл мамиле жасоонун өрнөгүн, реформаларды жүзөгө ашырууга дилгирлигин көрсөткөнү куттуктоодо айтылат.
Жапаров аялдардын жетишкендиктерин андан ары бекемдөө үчүн жакында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда биринчи жолу аялдарга 30 пайыз квота берилгенин кошумчалады.