Франциялык миллиардер Оливье Дассо авиакырсыктан набыт болду

"Республикачылар" саясий партиясынын өкүлү Франциянын түндүгүндө кырсыкка кабылды. Ишкер 69 жашта болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Франциялык депутат, миллиардер Оливье Дассо Нормандиядагы (өлкөнүн түндүгү) авиакырсыктан набыт болду. Бул тууралуу Europe 1 радиостанциясы жазды.
Маалыматка караганда, Тук коммунасында тик учак кыйрап, анын кесепетинен учкуч дагы каза болгон. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Twitter аркылуу көңүл айтты.
"Оливье Дассо Францияны жакшы көрчү. Ири ишкер, тандалган депутат, Аскер-аба күчтөрүнүн запастагы кол башчысы. Ал биздин өлкөгө өмүрүнүн аягына чейин кызмат кылды", — деп жазган Макрон.
"Республикачылар" партиясынын өкүлү 69 жашында көз жумду. Анын атасы Серж Дассо дагы миллиардер, белгилүү ишкер жана саясатчы болгон.