БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Нарында Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин "Шыпыргы өмүр" поэмасынын негизинде инсценировкаланган фарс-интерпретация жанрындагы спектаклинин премьерасы болду. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлчүлүгү аймактык кабарчыга билдирди.
Театрлаштырылган программа Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында өтүп, бет ачар аземге чыгарманын автору, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун мүчөсү Кожогелди Култегин катышты.
Алгач чыгарма конокторго тартууланган соң автор поэмаларынын ичинен, сахнага алып чыгууга мүмкүн эмес болгон аталган поэманы сахналаштырган режиссёр Шамбет Мендебаировго жана ролдорду ийине жеткире аткарган театр ишмерлерине ыраазычылык билдирди.
"Мен алгач "Мөөркан апа" деген поэмамды койгон экен деп ойлодум. Анткени ал поэмада Мөөркан апанын акыркы окуялары Нарында өтөт. Бирок "Шыпыргы өмүрдү" сахналаштыруу оңой эмес жумуш. Себеби бул поэма сахнага ылайык келбейт эле. Даяр жазып берген драманы коюштун өзү канчалык оор, ал эми поэманы коюш андан да түйшүктүү иш. Поэма баяндалып жазылат. Шамбет мырза мүмкүн болбогон нерсени сахнага алып чыгып эрдик жасады. Бул театрдын тарыхындагы өзгөчө окуя болду. Театрдын жамаатына терең ыраазычылык билдирем жана ар дайым иштешүүгө макулмун", — деди автор.
Анкарадан атайын келген Култегин облустук академиялык драма театрына ТҮРКСОЙ табагын тапшырды (ТҮРКСОЙ эл аралык түрк маданияты уюмунун белеги). Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун альбомун жана өзүнүн Анкарада кыргыз тилинде басылып чыккан чыгармаларынын беш томдук жыйнагын белек кылды.
Жогорудагы чыгарма буга чейин 18-19-февраль күндөрү көрүүчүлөргө тартууланган. Анда кыргыз элинин бүгүнкү тагдыры, 30 жылдан бери миграция маселесине байланышкан трагедиясы чагылдырылган.