Коронавирус 33 адамдан аныкталып, Бишкекте 2 бейтап каза болду. Статистика

Учурда өлкө боюнча ооруканаларда 334 бейтап жатат, алардын ичинен 12 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Соңку бир суткага карата алынган статистика боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 33 жаңы учур катталып, ошол эле маалда 45 бейтап ооруну жеңип чыкты. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 86 583тү түздү.
COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар:
Ушуну менен айыккандардын жалпы саны 83 575 адамга жетти.
Мындан сырткары, бул илдеттен кечээтен бери эки адамдын каза болгону айтылды. Алар Бишкек шаарында дарыланып жаткан. Коронавирустан көз жумгандардын саны 1 473кө жетти.
Учурда ооруканаларда 334 бейтап жатат, алардын ичинен:
260 киши үй шартында медиктердин көзөмөлүндө дарыланууда.