Инспекторлор айдоочу айымдарды ыр окуп, шоколад тартуулап куттуктады. Сүрөт

Кайгуул милициянын кызматкерлери жолдо жүргөн аялдарга, социалдык мекемеде иштеген айымдарга белектерин беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Бишкектин Кайгуул милиция кызматы айдоочу айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады.
1 / 4
Бишкектин Кайгуул милиция кызматы айдоочу айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады
2 / 4
Аталган органдын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу инспекторлор айдоочуларды токтотуп, шоколад, открытка белек кылып, айымдарга арналган ырларды окуп, каалоо-тилек айтышканын белгиледи
3 / 4
"Бул күнү аялдарга жагымдуу маанай тартуулайлы деп чечтик, аз болсо да кичинекей белегибизди бердик", — деди Айтикул уулу
4 / 4
Мындан сырткары, инспекторлор милиция кызматкерлерин жана ардагерлерди куттуктап, андан ары социалдык мекемелерге дагы барышкан.
Аталган органдын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу инспекторлор айдоочуларды токтотуп, шоколад, открытка белек кылып, айымдарга арналган ырларды окуп, каалоо-тилек айтышканын белгиледи.
"Бул күнү аялдарга жагымдуу маанай тартуулайлы деп чечтик, аз болсо да кичинекей белегибизди бердик", — деди Айтикул уулу.
Мындан сырткары, инспекторлор милиция кызматкерлерин жана ардагерлерди куттуктап, андан ары социалдык мекемелерге дагы барышкан.