БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Адамдын бутунун шишип кетүүсү кара сарыктын (боордун циррозунун) өнүгүп жатканынан кабар бериши мүмкүн. Бул тууралуу "Известия" Express басылмасына шилтеме кылып жазып чыкты.
Ошондой эле цирроз менен жабыркагандар өзүн оорлошкондой сезип, ооруксунуп шалдырап жүрөт, табити жоголуп арыктай баштайт.
Андан сырткары, бейтаптын көңүлү айныйт. Көп учурда кускусу келип, курсагынын боор жайгашкан жагы ооруйт, териде майда кызыл ала тактар пайда болуп, уйкусу бузула тургандыгын адис айтып берген.