Катышчулар барбы? Мартта өлкөнүн мыкты тайбоксчулары аныкталат

Федерация эпидемиологиялык кырдаалга байланышуу ар бир тайбоксчунун өзүнүн спорттук жабдыктары болушу керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. 25-28-март күндөрү борбор калаада муай-тай боюнча Кыргызстандын чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган федерация кабарлады.
Мелдеш Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында болот. Катышуучулар 24-марттан баштап турнир бүткөнгө чейинки аралыкта (рингге чыгарга бир күн калганда) ушул жакка келип салмакка түшүп кетиши керек.
Ош шаарында 400дөн ашуун самбочу КР чемпионатына катышууда. Сүрөт
Өлкө чемпионаты чоңдор, жаштар, өспүрүмдөр арасында өткөрүлүп, кыздар-балдар катышат. Ар биринде онго чукул салмак каралган.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль жана дипломлор менен сыйланат.
Федерация эпидемиологиялык кырдаалга байланышуу ар бир тайбоксчунун өзүнүн спорттук жабдыктары болушу керектигин белгиледи.