УКМК контрабанда жолу менен тамеки жүктөп бара жаткан эки автоунааны кармады. Сүрөт

Аталган факт боюнча учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз ишке тиешеси барларды  тактап жатат. 
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Талас облусунда чылымды аткезчилик менен жүктөп бара жаткан эки жүк ташуучу автоунааны кармашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 8
Талас облусунда чылымды аткезчилик менен жүктөп келе жаткан эки жүк ташуучу автоунааны кармашты
2 / 8
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты
3 / 8
Билдирүүгө ылайык, ал оор жүк ташуучу автоунаалар ири көлөмдөгү чылымды  Кыргызстандын аймагынан чыгарып бара жатышкан
4 / 8
"Кармалгандар ар кайсы өндүрүшчүлөр чыгарган  760 миңден ашык таңгак чылымды  мыйзамсыз,  тиешелүү уруксат кагаздарысыз ташып алып кирип келе жаткан ", — деп жазылат маалыматта
5 / 8
УКМКнын алдын ала эсептөөлөрү боюнча аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан товардын баасы 40 миллион сомдон ашык болгон
6 / 8
Аталган факты боюнча учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, ишке тиешелүү тараптар такталууда
7 / 8
Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Ирандан КРге мыйзамсыз алып келинген жарым миллиондой таңгак чылымды кармаган
8 / 8
Контрабанда тамеки жүктөлгөн автоунаа кармалды
Билдирүүгө ылайык, оор жүк ташуучу автоунаалар ири көлөмдөгү чылымды  Кыргызстандын аймагынан чыгарып бара жатышкан.
"Кармалгандар ар кайсы өндүрүшчүлөр чыгарган 760 миңден ашык таңгак чылымды мыйзамсыз,  тиешелүү уруксат кагаздарысыз ташып алып чыгып бара жаткан", — деп жазылат маалыматта.
Баткенде аткезчиликке бөгөт коюу үчүн мобилдүү топтор иштеп жатат
УКМКнын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан товардын баасы 40 миллион сомдон ашык болгон. 
Аталган факт боюнча учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзамсыз ишке тиешелүү тараптар такталууда.
Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Ирандан КРге мыйзамсыз алып келинген жарым миллиондой таңгак чылымды кармаган.