COVID: көз жумгандар болгон жок, айыккандар арбын. 7-марттын статистикасы

Кыргызстанда соңку суткада COVID-19дан каза тапкандар катталган жок. Ооруну жуктургандарга караганда айыккандардын саны арбын болду.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Өлкөдө учурда коронавирус жуктурган 14 бейтап ооруканада өтө оор абалда жатса, 44 адамга аталган илдет жуккан. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Өткөн суткада COVID-19дан көз жумгандар болгон жок. Ал эми оорудан 46 адам айыгып кетти.
Маалыматтарга таянсак, ооруканаларда учурда коронавирустан 344 адам дарыланууда.
"Стационардагылардын ичинен 88 бейтап оор, 14 киши өтө оор абалда жатат", — деп айтылат штабдын маалыматында.
Амбулатордук дарыланууда 261 бейтап бар экени кабарланды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда: