Хабиб жардам берип. Нурмагомедовдун досу Махачевдин UFC турниринде жеңиши. Видео

Махачев бул мелдеште өзүнүн 19-утушун камсыздай алды. Буга чейин ал жети жолу катары менен жеңишке жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Россиялык мушкер Ислам Махачев Лас-Вегаста өтүп жаткан UFC 259 турниринин алкагында америкалык Дрю Доберди утуп алды.
Махачев беттештин башынан аягына чейин өзүнүн спорттук жөндөмүн толук көргөзүп, үчүнчү раундда 32 жаштагы каршылашын муунтуу ыкмасы менен жеңилүүгө аргасыз кылды.
Спортчунун секунданты Хабиб Нурмагомедов болгон. Ал Исламга биринчи раунддан кийин эле Дрюну жыгып, партерде чечүүчү ыкмаларды колдонууну сунуштаган.
Эске сала кетсек, 29 жаштагы Махачев UFC жылдызы Нурмагомедовдун досу. Бул мелдеште ал өзүнүн 19-утушун камсыздай алды. Буга чейин ал бир жолу утулуу ызасын тартып, жети жолу катары менен жеңүүчү аталган.
Россиялык спортчу беттештин соңунда жеңил салмактагылар арасындагы Тони Фергюсон сыяктуу күчтүү мушкерлер менен күч сынашууга даяр экендигин билдирди.