БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкектин түштүк тарабында таксинин айдоочусу автоунаанын рулуна ээ боло албай калып түркүктү сүзүп, бир жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жол кырсыгы бүгүн, 7-мартта, саат 08:10дор чамасында Токомбаев жана Сухэ-Батор көчөсүнүн кесилишинде болгон. Кайгуул милиция кызматы башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, жүргүнчү алган жаракатынан улам көз жумуп, Honda Fit үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын айдоочусу жабыркаган эмес.
Окуя болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.
Анда жолдо адамдын жаткандыгын, борбор калаада кардарларды ташыган белгилүү такси кызматынын жарнамалары тартылган автоунаанын оң тарабы катуу жабыркагандыгын көрүүгө болот.