СССРдин Коммунисттик партиясы, Улуттук коопсуздук комитети катуу тыюу салганына карабай Нарын тарапта гана эмес, Кытайдын Шыңжан-Уйгур автоном районунун аймагында да Казыбектин ырлары эл арасында ырдалып, кол жазмаларга түшүп, ооздон-оозго көчүп келген. Биз бүгүн сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон ошол Мамбетимин уулу Казыбек тууралуу 16 факт сунуштайбыз.
Туулган жери, ата-теги. Казыбек 1901-жылы (айрым маалыматтарда 1902-жылы) азыркы Ат-Башы районунун Батыш жагындагы Чет-Келтебес (Келтебек) деген жайлоосунда туулган. Черик уруусунун ак чубагынын жабагы уругунан. Чоң атасы — Асыл. Атасы Мамбетиминдин азан чакырып койгон ысымы Күчүк болуп, кийин намыстанып, ак боз бээ союп, атын Мамбетимин деп оодартып алган. Аны Мамбетемин, Мекен, Имил, Исмаш деп да атаган учурлар кездешет. Өрөөнгө таанымал малдуу манап, бай жана ислам динин жакшы өздөштүргөн такыба киши болуп, ак чубак уругунун лидери эле. Жалгыз уулу Казыбек да ошол жол менен адагенде бактылуу балалык күндөрүн өткөрөт.
Илим-билим издеп... Казыбек 11 жашынан баштап алты жыл Бухарадагы исламий жогорку медреседе мусулманча билим алат. Андан соң 18 жашынан Санкт-Петербургга үч жарым жылдык окууга барат, эки жарым жылдан кийин заман оодарылып, аргасыз кайра жерине кайтат. Мына ушуга караганда, ал өзбек, түрк, фарс, араб, орус, татар тилдерин жакшы билген болуу керек жана XX кылымдын башындагы кыргыздын эң билимдүү интеллигенти деп атоого негиз берет.
Кеңеш бийлигине иштеп да берген. Жаңы өкмөт тил билгени, билимдүүлүгү үчүн Казыбекти Ташкенттеги кыска мөөнөттүү даярдоо курсунда окутуп, аны бүткөн соң Ат-Башыга жетекчи кызматка жиберет, бирок белгисиз себептер менен ал кызмат берилбей, Ак-Жар айылында мектепте мугалим катары иштейт. Ошол убакта байлардын балдарына каршы саясат башталып кетет.
Кулакка тартылышы. Кеңеш өкмөтү малдуу-алдуу болгондорду кулакка тартып, мал-мүлкүн, үй-жайын, эгин-тегинин мамлекетке алып, өздөрүн алыска айдоо саясатын жүргүзгөн. 1929-жылы 1-мартта Ат-Башыдан эң белгилүү төрт манапты, жалпы 44 бай-манапты Орунбоор (Оренбург) жакка айдайт. Ошол төртөөнүн бири Мамбетимин да болуп, үй-бүлөсүнөн эки зайыбы, уулу Казыбек жана келини Зуурабү да кошо сүргүнгө айдалат.
Сүргүндөн бошошу же качышы. Казыбектин Орунбоордон бошоп келиши тууралуу айтылгандар ар түрдүү. Кулакка тартылгандар Москвага тынымсыз арыз жазып турган. Баргандан кийин Мамбетиминдин Ажар деген аялына (Казыбектин апасы) алты айдан соң айылына кетүүгө уруксат берилет. Анан айрым варианттарда 1931-жылы Казыбек да азат кылынат, кээ бир варианттарда анын качып келгендиги, почта поюзуна түшүп, Пишпекке чейин жеткени айтылат. Кийин атасы да бошойт, ал жолдо келе жатып каза болгонун казалчы бир ырында айтып өтөт.
Кытайга оошу. Ошентип айылына (же болбосо апасынын төркүндөрү Ак-Талаага) келген Казыбек жаңы жагдайга туш келет. Айрым маалыматтар боюнча, кайра кармалып Нарын түрмөсүндө алты айдай жатып чыгат. Ошол учурда Абдылда Жаанбай уулу (Абылда Жаамбаев деп да жазылып калган) деген бий (болуш) Казыбектин атасынын Кулчун, Сүйүндүк, Турсун деген жакын адамдары менен биригип, кийин "Ак-Талаа көтөрүлүшү" деген ат менен тарыхта калган советтерге каршы бунт чыгарып жаткан. Казыбек да ошолорго кошулган. Көтөрүлүшчүлөр кызыл аскерлерден коркуп, миңдеген мал айдап, бир топ эл менен кошо Кытай тарапка оойт. Булар Айыктык ашуусунан ашарда аэроплан менен аткылап, көп киши набыт болот. Үч жүздөй киши нейтралдык зона болуп турган Үзөңгү-Куушта эки жылдай жашынып жүрөт (айрым варианттарда Кытайдын кыргыз айылдарын байырлап кетет). Ал жакка да коммунисттер жетип, дагы кодулана баштайт. Ошондо кайра 1934-жылдары (айрым маалыматтарда 1935-жылы июнда) Кеңеш өлкөсүнө өтүп келе жатып, Каракол Сыртындагы чек арачылар тарабынан кармалат (айрым булактарда кытай чек арачылары тарабынан). Кармалгандардын бала-чака, катын-калачын коё беришип, эркектерди Анжиян жакка алып кетип, аларды Өзгөн районунун Мырзаке деген айылындагы Арал каналын каздыртууга иштетет.
Сталинге кат жазган. Дагы бир маалыматтар боюнча, казалчы чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн 1935-жылы июнь айында атууга өкүм кылынат, бирок арыз жазып, СССР Жогорку Сотунун Аскер коллегиясы өкүмдү бузуп, он жыл түрмөгө алмаштырылат. Ошол жакта көп ырларын жазат, Сталинге арыз ырын мурда партиянын райондук комитетинин идеология боюнча катчысы болуп иштеген Карабеков (ысымы айтылбайт) орус тилине которуп, кандайдыр бир жолун таап Москвага жиберишет. Ал кат 44 барактан турган экен.
Казалдар жана казалчы. Казыбек мусулман окуусун бүтүргөнү үчүн өз ырларын жаза билген. Ал кезде ыр менен алектегендер жалпысынан "төкмөлөр" жана "казалчылар" деп аталган. Казыбек экөөнө тең кирген. Бирок анын өз колу менен жазгандары азырынча колго тие элек. Бирок табылат болуу керек. Мындай ыр формасындагы чыгармаларды араб-фарс тилдеринде "газель" дешкен да, андай ыр жазгандарды кыргыздар "казалчы" деп, бул сыпаттоо Казыбек менен ар дайым кошо айтылып, элге "Казыбек казалчы" деген аталыш менен сиңип кеткен.
Казыбектин казалдары. Акын көбүнчө өз башынан өткөн окуяларды, көргөн-билген касиреттерин ырга салган. Алардын ичинен "Ала-Тоонун жаратылышы", "Ат-Башыны сүрөттөгөнү" деген ырлары туулган жер, мекен тууралуу болсо, "Ага-иниге салам айт", "Айдалган манаптар", "Каранын иши ак менен", "Түрмөдөгү ырлардан","Сагынып жазган саламым", "Уксаңыз арзым кара эмес", "Экинчи айдалганда", "Айлантып бизди тарта көр, Ат-Башы ата бооруңа", "Өкүм чыгаргандагы ыр" деген казалдары абак темасында болуп, эркиндикти самоо идеясы башкы планга чыгат, бөтөн жердеги көргөн күндөрү "Кытайга элдин барышы", "Какшаалдыктын келиши" деген ырларында сүрөттөлсө, "Казыбек энесин Оренбургдан Ат-Башыга жөнөтүп жатканда айтканы (1930-жыл)", "Казыбек энесин угузганда айтканы", "Казыбек карындашы Калыйга түрмөдөн жазганы", "Атасын угузганда Казыбектин кошкону", "Өткөрдүм баштан касирет" деген чыгармалары кошок жана арман мотивинде. Ал эл-жерге кусалыгын мындай көрсөтөт:
Элечектей агарып
Мөңгүсү сонун көрүнөт,
Эстесем ошол жергени
Эзилип көңүл бөлүнөт,
Ашып белге чыкканда
Айнектей колу көрүнөт.
Ардактуу жерди мен эстеп
Акылым нечен бөлүнөт.
Жылкы айдаса көл бойлоп
Жергенин көркү ачылат.
Жээгинде жүрсөң салкындап
Жеңилдеп, суусун басылат.
Аркырап аккан сууларын
Айланып учкан кууларын,
Ала-Тоого жарашкан
Адырлуу бетте тулаңын.
Мына ушундай Ата Журтту сагыныч, айдалганга чейинки учурду эстөө, жаңы замандын терс жактарын сындоо ("Бадышаны кулатып, бартияны хан кылдык"), оомал-төкмөл заман жана ислам динине үгүттөгөн ырлар анын чыгармачылыгынын негизги тематикасын түзгөн.
Казыбектин өңү-түсү, бой-келбети, мүнөзү. Төлөмүш Макеев: "сулууча келген, сыйда муруттуу, келишкен киши эле. Бош боло калганда комузун колунан түшүрбөй, төгүп эле отурчу". Жусуп Мамай: "кара сур, орто бойлуу, ширенкедей болгон мурду кырдач, отурган кишилер менен камыр-жумур болуп сүйлөшүп кетпеген, эгер бир сүйлөп алса, көпкө чейин сөз бербей сүйлөгөн, болбосо элдин эле кебин тыңшап унчукпай койгон киши эле". Жубайы Зуурабүнүн эскерүүсү: "ийиндүү, шыңга бойлуу, өңү кара сур, көзү капкара, мурду кырдач, даана байкалган коюу каштуу, муруттуу, келбет-сыны келишкен, сөзү орундуу".
Жусуп Мамай жана Казыбек казалчы. Жусуп Мамай 1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында туулган. Атасы бардар болуп ажыга барган, агасы Балбай чоң жомокчу, манасчы болуп, кийин 46 жашында Кашкар түрмөсүндө каза болот. Булардын уруусу да черик болуп, дагы бир черик Казыбектин Кытай жерине качып барганын угуп, Мамаат деген ыр жазып жүргөн жигитке ат кошуп бери,п Улуу-Чаттагы багыштардын арасынан өз айылы Ак-Чийге чериктер арасына алдырат (ортосу болжолу 400-500 чакырым). Мына ошол жерде Казыбек бир жарым жыл жаш өспүрүм Жусуп менен чогуу жашаган. Жусуп Мамай кийин-кийин Казыбектин казалдарын топтогон, аларды үч бөлүккө ажыраткан: биринчиси, Ат-Башыдагы жай турмушу; экинчиси, Асан-Үсөн тууралуу; үчүнчүсү, Пайгамбарлар кыссасы (баяны). Бир түн таңга жете айта турган көлөмдө экен. Бирок коммунисттик түзүлүшкө каршы жана диний ырлары көп болгондуктан ал китепти Кытайда чыгарууга мүмкүн болгон эмес, кол жазманын кийинки тагдыры азыр да белгисиз. "Кийин эле Казыбек тууралуу Кыргызстандан басылып чыккан китепти окутуп, таанышып көрдүм,— деп айтат Жусуп Мамай, — Казыбектин кээ бир ырларына башка бирөөлөрдүн ырлары дагы кирип кетиптир, моңолдор уруусунан Тазабектин уулу Касмаалы дегендики". Балбайдын үйүндө жүргөндө бир аз тынчыраак болгон го, айтор, 1933-жылы июнда Казыбектин жубайы Зуурабү кызын өңөрүп алып Ала-Тоодон Ак-Чийге барган экен.
Казалчынын өлүмү тууралуу ар түрдүү божомолдор. Биринчи пикир: анын ырларын жыйнап жүргөн партиялык кызматкер Болотбек Исабеков Казыбек 1943-жылы (согуш убагы) түрмөдөн бошоп келе жатып, Мырзакеде өлгөн деген пикирин айтат. Экинчи пикир: казалчы менен түрмөдө бир жаткан кийинки Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Төлөмүш Макеев Казыбекти 1936-жылы январь айында Ташкендин Чирчикстрой деген жерине курулушка иштетүүгө жөө айдап барган да, ошол жылы жайда Казыбек ич өткөк дартка кабылган, ошол дарттан каза болгонун, мусулмандар чогулуп сөөгүн ошол жерге коюшканын, ошондо жашы 42де болгонун айтат. Үчүнчү пикир: 2003-жылы Жусуп Мамай Бишкекке келгенде Түгөлбай Сыдыкбековдон мындай деп сураган экен: "Аксакал, бул Казыбектин өлүмүн биз тигил жактан ар кандай угабыз, темир тарак менен тарап отуруп өлтүрүптүр десе, бирөөлөрү жыланга, бөйү-чаянга салып бериптир деп айтышат". Ошентсе Түкөбүз мындай дептир: "Баары жалган. Андай эмес, Казыбек бул жерге келди. Бул жерге келгенде үч ай солонуп турду. Ошол үч ай камалып турганда Москвадан "Казыбектин бардык чыгармаларын топтоп бергиле" деп бирөө келди. Баарын топтоп жиберсек, чоң тилчилер болсо ошого котортобуз дешти. Бир-эки киши жибердик, кишилердин аттарын айтты эле, азыр унутуп калдым (Муну Жусуп Мамай айтып атат). Анан "бул котормо болбоду" деп, Казыбектин өзүнө алып барып көргөзүптүр. Казыбек карап чыгып, жазганды билген киши жашырып жаппай "өзүм которуп берем" дегенинен, ошону менен Казыбекти алып кетишти. Алып кеткенден кийин бир жыл алты ай чамасы жок болуп кетти. Анан бир күнү "Казыбекти тосуп алгыла" деген кабар келди. Айрыпланга Казыбектин сөөгүн алып келе жатабы деп баарыбыз чыктык. Казыбек келип түштү. Бул жактагы чоңдор кийбеген кийим кийип, зыңкыйып абыдан жакшы келди. "Жакшы келдиңиз" дедик. "Жакшы" деп, "эми мен бир эки-күн эс алайын" деди. Ушул жакта үй-бүлөсү, баласы бар болучу. Казыбек камалып кеткенден кийин атасынын атын өзгөртүп алышкан. Ошол бойдон туруп жатышат. Анан үч-төрт күн өткөндөн кийин Казыбектин келишине байланыштуу чогулуп, биртке дасторкон уюштуруп сыяпат кылдык". Ошондо Казыбек башынан өткөндөрүн эстеп мындай деген экен: "Мен бардым. Барсам менин жазгандарымды алып келип көргөзүштү. Бир жери болуптур, бир жери болбой калыптыр, үстүртөн сыйдалап, саал жасап алдап которуп койгон жерлери бар экен. Анан өзүм которуп тапшырып бердим. 13 Президиум дейт экен, Сталин менен он үч киши отуруптур. Сталин өзү орто бойлуу киши экен, боюнун жапыстыгын жашырып өтүгүнүн таманына карыш жете така кактырып алган экен. Биринчилерден болуп Сталин сөз баштап, "саясат деген дайыма түз болбойт, ийри-буйру болот, ара сөз адамдын эсинен чыгып кетет, адабият шекилиндеги ыр адамдын эсинен чыкпайт, азыр адамзаттын ичиндеги Куран, Инжил жана башка төрт китеп эмне үчүн кылымдар бою адамзат менен бирге жашап келет. Алар, биринчиден, башында ыр түрүндө түшкөн. Сен адабият шекилинде большевиктерди абдан катуу жамандагансың. Мындайлар элдин эсинен унутулбайт, жашырбай баарын жазыптырсың. Сага биз бүгүн "калк акыны" деген наамды берели деп жатабыз. Эми сен социализмди жаз". Мен динди көбүрөөк окуган киши болгондон кийин эки беткейлик кыла албадым. "Калк акыны" деген эмне" деп сурасам, "чынчыл" деген сөз дешти. "Чынчыл" деген наамды бергениңерге рахмат! Мен ошол калк акыны катары көргөн-билген чындыкты жазам. Жалган ишти жазып аны мактай албайм" дедим. "Ойлонуп көр" дешти. Үч-төрт күн өткөндөн кийин менден ошол эле жоопту алышты. Андай болсо 3-4 күндөн кийин сени үйүңө кетиребиз дешти. Кетер күнү кайрадан Сталиндин кабыл алуусунда болдум. Киргенде эле Сталиндин столунун үстүндө бири нары жакты караган, бири бери жакты караган эки попорос туруптур. Өзү жактагысын өзү алып, мен тарапты караганды мага берди. Эки беткейлик кылып социализмди жазбайм дегенге чыдаган тамекини тартпайм деп айта алганым жок. Аркы-беркини сүйлөшкөнчө алып тарттым. Мен эми токсон күнгө жетсем жетем, болбосо жетпейм. Ал тамеки мени өлтүрөт. Союп убара болбосун, арыктап жүрүп куу сөөк болуп өлөм. Менден уксаңар кебим ушу" деди. Айткандай эле 84 күн дегенде Казыбек арыктап отуруп өлдү. Сөөгүн көөмп койдук деди Түгөлбай" (Барктабас Белеков менен Жусуп Мамайдын телемаеги https://muras.turmush.kg/). Мына, кыргыздын эки залкарынын сүйлөшкөн сөзү. Муну жалган, уламыш дейин десең кыргыздын эки аксакалы сүйлөшүп жатат, дагы бир жолу чындыгын билели десек экөө тең арабызда жок.
Казалдарынын изи. Акындын ырлары, өзгөчө "Орунбоордон кат" деп аталган абак ырлары элге оозеки тараган, негизинен кызыл-суулук (кытайлык) кыргыздар жакшы билишкен. Айтуудан ал Кытайга барганда адегенде Улуу-Чат айылында Абдыш Молдакун уулунун үйүндө жашайт, Абдыш Молдакун акындын ырларын 1932-жылдан жазып алып жүрөт да, соңку жазып алуусун 1935-жылдын 16-июлунда тамамдайт. Андан соң уулу Айтакунга ушул ырларды ылайыгы келгенде Кыргызстанга жеткирип бересиң деп дайындайт, ал ырлар ырчы Токтобек Асаналиевге тапшырылган.
Уул-кыздары. Казыбек казалчы канча аял алганы так айтылбайт. Жыйырма беш жашында он бештеги Зуурабүгө үйлөнөт, андан Таажыгүл деген кыздуу болуп, Оренбургга аларды ала кетет. Айдоодо жүргөндө Насыр деген уул көрүп, ал наристе чагында эле каза болот. Таажыгүл 1937-жылы Кашкарда көз жумганы айтылат. Кытайга барганда Жусуп Мамайга Маалымбүбү деген аялы, Калык деген эркек уулу бар экендигин, алар Кыргызстанда калды деп айтчу экен. Бирок бул боюнча толук маалымат жок.
Чоң комузчу болгон. Бул тууралуу Жусуп Мамай "Мен Ыбырай Тумановдун, Шекербектин жана башка чоң комузчулардын күүлөрүн уктум. Бирок бирөө дагы ага (Казыбекке) окшобойт" деп айтат.
Ысымы жана мурастары. Ат-Башы районундагы ал туулган жер азыр Казыбек айылы деп аталат (мурдагы "Пограничник" колхозу), ошол жердеги айыл аймагына да казалчынын ысымы ыйгарылган. "Ой, тообо" ("Жагалмай деген жапан куш, жар ташка барып конгон жок, жарпымды жазар тең курбум, ой, тообо, деги, деги, жайлообуз бирге болгон жок") аттуу ыры оркестрдин коштоосунда опералык ырчылар жана жеке ырчылар тарабынан да ырдалып келет. Ак-талаалык акын Өмүрбек Дөлөев акындын мурастарын талыкпай изилдеп, жыйнап жүрүп, 2003-жылы "Казыбек: кан-жандан чыккан казалдар", жазуучу Бактыбек Максүтов "Казыбектин арманы" аттуу китептерин чыгарган, ат-башылык ырчы Токтобек Асаналиев да акындын мурастарын эл арасына таратып келет. Казыбектин китеби биринчи жолу 1992-жылы гана чыккан (Калыгул. Казыбек. Казалдар / Башкы ред. Кеңеш Жусупов. – Бишкек: "Ала-Тоо" журналы, 1992. – 136 б.). Кытайда Үсөйүн ажы, Жусуп Мамай, Абдыш Молдакун, Нуралы Айсаракун, Кыргызстанда Мүсүракун Кадыракунов, Бугучу Жусубалиев, Мукаш Найманбаев, Тиленбай Маметов, Болот Исабеков акындын өмүр баяны тууралуу маалыматтарды жана ырларын сактап келип бизге өткөрүп бергени үчүн ыраазы болушубуз керек. Ошол эле кезде сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон өтө билимдүү, дин аалымы, төкмө жана жазгыч акын, котормочу Казыбек казалчы бизге толук жетпегенин арман кыла айта кетүүгө тийишпиз...