Бишкекте жүк ташуучу автоунаа айдоочуларына салынуучу айыптар эскертилди

Айрым автоунаалардын айдоочулары жүк ташып келүүдө жол эрежесин сактабай, авариялык кырдаал жаратып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкектин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери жүк ташууда жол эрежелерин сактабаган автоунаалардын айдоочуларына 3000 сомдон айып пул салынарын эскертти.
Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, социалдык тармактарда жүк ташуучу унаалардын кирпич, таш жана башка оор жүктөрдү ташууда коопсуздук эрежелерин сактабай жаткандыгы тууралуу видеолор жарыяланууда. Унаанын бортунан жүк кулап кетсе жолдогу башка жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаралышы толук мүмкүн.
Милиция айдоочуларды төмөндөгү жол эрежелерин сактоого чакырат:
Бишкектин 14 көчөсү оңдоо үчүн жабыла турган болду. Тизме
Патрулдук милиция башкармалыгы эскерткендей, эгер жүк унаанын алдынан же артынан бир метрден ашып кетсе же капталынан 0,4 метр чыгып калса, анда бортто "Көлөмдүү жүк" деген идентификациялык белги болушу керек.
Эрежелер сакталбаган учурда КРдин Эреже бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, айдоочуга 3000 сом көлөмүндө айып пул салынат.