Вице-премьерлик сунушталып, телефон шыңгыраганда митингге кетип бара жаткам. Анан бирөөнүн галстугун тагынып, костюмун кийип резиденцияга кирип кеттим. Бул тууралуу Максат Мамытканов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Садыр Жапаров премьер-министрдин милдетин аткарып турганда ага өкмөт курамында бирге иштешүүнү сунуштаган.
"Садыр Нургожоевич үчүнчү жолу депутаттар тарабынан шайланды. Ошол учурда митингге кетип жаткам. Телефондон резиденцияга келип калуумду, баягы айтылган сөз боюнча вице-премьерликке сунушталып, өкмөттүн курамына кире турганымды маалымдашты. Дароо эле резиденцияга бардым. Ал жерден өкмөттүн аппаратында иштеген бала "сиз өкмөт курамына кирип жатасыз, галстугу жок болбойт" деп костюмун жана галстугун берди. Ошентип ишим башталды. Ал кызматта үч жарым ай турдум. Январдын 15 күнүнө 20 миң сомдон ашык маяна алдым. Ал эми андан кийинки эки айда алган маянам айына 40 миң сомдон ашкан жок. Анан президенттик шайлоо бүткөндө өкмөттү оптимизациялоо боюнча комиссиянын иши жыйынтыкталды. Баарыбызга кызмат жетпесин түшүнүп, отставкага кетүү чечимин кабыл алдым", — деди Мамытканов.
Ал өкмөттүн учурдагы курамы утурумдук экенин белгилеп, кийин кызмат сунушталса бара турганын кошумчалады.