БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Жетекчи аялдар лидерликке жетүү үчүн үч сапат маанилүү экенин айтышкан. Алар — өзүнө ишенүү (60 пайыз), жоопкерчилик (56 пайыз) жана ынандыра алуу (33 пайыз). Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Билдирмеге караганда, мындай изилдөөнү НАФИ аналитикалык борборунун адистери Донорлор форуму менен биргеликте жүргүзгөн.
Сурамжылоого катышкандардын дээрлик жарымы (46 пайызы) лидерликке жол коомдук ишмердүүлүктөн кийин башталды деп жооп беришкен. 35 пайызы балалуу болгон соң дал ушундай жолду тандап алгандарын айтса, 32 пайызы лидерлик потенциал ишмердүүлүгүн алмаштыргандан кийин баштаганын белгилешкен. Сурамжылоо катышуучуларынын 23 пайызы мындай чечкиндүү кадамга барууга өз ишин ачуу себеп болгонун айтышкан.
Ар бир экинчи лидер жакшы билим менен квалификацияны дайыма жогорулатып туруу маанилүү экенин белгилешкен. Алардын көбү жетекчилик кызматка 10 жыл иштегенден кийин келишкен.
Жетекчи аялдардын басымдуу бөлүгү өзүн-өзү өстүрүүгө болгон талап чоң мотивация болгонун да айтышкан. Федерация кеңешинин төрайымынын орун басары Галина Карелова ийгиликтүү лидер болом деген адам өжөр жана көздөгөн максатына умтулушу шарт экенине токтолгон. Анын айтымында, максатка жетүү үчүн адам кыйынчылыкты жеңе аларына көзү жетип, өзүнө-өзү ишениши шарт. Карелова чыныгы лидерлер бир жерде токтоп калбай, дайыма изденүүнүн үстүндө болорун кошумчалаган.