Кыргызстанда эртең менен жер титиреди

Жердин силкинүүсү жергиликтүү убакыт боюнча саат 7.13тө катталды. Очогу 5 чакырым тереңде экени маалым болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бүгүн эртең менен магнитудасы 4,9га жеткен жер титирөө катталганын Европанын жер ортолук деңиз сейсмология борбору (EMSC) кабарлады.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү жергиликтүү убакыт боюнча саат 7.13тө катталган.
​Жер титирөөнүн эпицентри Каракол шаарынан түндүк-батышты көздөй 49 чакырым алыстыкта экени айтылып, ал эми очогу беш чакырым тереңде экени белгилүү болду.
Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жок.