Торпокту такымга басып чаң ызгыткан эрендер. Аламан улактан кызыктуу сүрөттөр

Sputnik

Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт. Эгер жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек. Ошондуктан бул бекеринен эрендердин эр оюну деп айтылган эмес.

Байгеге карышкыр да коюлду. Дача СУдагы бүйүр кызыткан аламан улактын видеосу
Борбор калаадан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан талаада бүгүн миңге чукул улакчы чогулду. Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан дагы атайын ышкыбоздор келишкен. Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып, белгилүү балбандардын катарында турат.

Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10 тай, 10 торпок, 10 топоз коюлду.

1 / 13
Мындай чоң аламан улакта торпок ар кимдин колуна эле тие бербейт, бул үчүн көп эмгек кылыш керек.
2 / 13
Билегинде күчү бар эрендер 70 килограммдык торпокту жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.
3 / 13
Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт.
4 / 13
Улакчылар жаракат албашы үчүн колуна, бутуна жана башына атайын коргоочу каражаттарды кийишет.
5 / 13
Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10 тай, 10 торпок, 10 топоз коюлду.
6 / 13
Бүйүр кызыткан оюн Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында өттү.
7 / 13
Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан дагы атайын ышкыбоздор келишкен.
8 / 13
Бүгүнкү аламан улакка болжол менен миңге чукул улакчы келди.
9 / 13
Эгер тартып жаткан торпогу жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек.
10 / 13
Ал ортодо бири-бири менен пикир келишпей араздашып кеткендер дагы болот,
11 / 13
Аламан улак көбүнчө кыш мезгилинде ойнолот, жаз келип, күн жылыгандан кийин токтойт.
12 / 13
Көк бөрүнүн мыктысы Манас Ниязов дагы аламан улактарга калбай катышат, албетте бул жерден дагы кур кол чыкпайт.
13 / 13
Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып, белгилүү балбандардын катарында турат.