3 500 метр бийиктиктен парашют менен секирген КР десанттары. Сүрөт түрмөк

Sputnik

Генералдык штабдын маалымат кызматынын өкүлү Тимур Кулманбетовдун билдиришинче, Армиянын 2021-жылга даярдыгынын алкагында Улуттук гвардиянын жана Кургактагы аскерлер даярдыктан өтүштү.

"Ан-26 учагынан секирип, окуу-машыгуулар болду. Мындай иш-чаралар жылына эки ирет өтөт. Улуттук гвардиянын жана Кургактагы аскерлер парашюттук системаларды колдонуп, деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метрге чейинки бийиктиктен секириктер жасалды. Арасында биринчи жолу парашюттан секирип жаткандары да, тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду", — деди Кулманбетов.

Иш-чара инструкторлордун көзөмөлү менен өткөнү кошумчаланды.

Өзгөчө абал режимине аскерлер кантип камданат. Сүрөттөгү ирмемдер
"Аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында Россия тарабынан Кыргызстанга эки АН-26 учагы берилгенден бери жоокерлер 2019-жылдан тарта аталган түрдөгү авиатранспорттон секиргенди өздөштүрүп жатышат. Самолёт менен тик учактан секирүүнүн ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот. Ага карабастан жоокерлердин күжүрмөн аракетинин натыйжасында жогоруда айтылган өзгөчөлүктөр тоскоолдук жарата алган жок. Мындай машыгуу аскерлердин Кыргызстандын кайсы гана аймагы болбосун секирип түшүп, аскердик тапшырмаларды аткарууга даяр болушу үчүн керек", — деди ал.

Аскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аэродромго конушту.

 

1 / 16
Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин парашюттан секирүү машыгуусу өттү. Сүрөттө КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын "Пантера" атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн десанттары
2 / 16
Секирип машыгуу КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Кургактагы аскерлердин атайын даярдыктагы жоокерлеринин катышуусу менен жылына эки ирет өтөт
3 / 16
Жоокерлер парашюттук тутумдарды пайдалануу жана ар кандай бийиктиктен секирип түшүү көндүмдөрүн кайталап машыгышты
4 / 16
Машыккандардын арасында парашюттан биринчи жолу секирип жаткандары да, 30 жолу секирген тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду
5 / 16
Иш-чара беш миңдеген секириктерди жасаган тажрыйбалуу инструкторлордун көзөмөлү астында өттү
6 / 16
Буга чейин секирүүлөр Ми-8 тик учагынан гана жүргүзүлүп келген. Самолёттон секирүүлөр дээрлик 20 жылдай болбой келген. Кыргызстанга Россия эки Ан-26 учагын бергенден кийин жоокерлер самолёттон секирүүнү үйрөнө башташты
7 / 16
Самолёт менен тик учактан секирүүдө ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот
8 / 16
Аскер кызматкерлери өлкөнүн зарыл болгон аймагына конуп, күжүрмөн тапшырманы аткарууга даяр болушу үчүн десанттык даярдык зарыл
9 / 16
"Пантера" атайын даярдыктагы бөлүктүн десанты окуу-машыгуунун жүрүшүнө байкоо салып турат
10 / 16
Инструктор шамалдын багыты менен ылдамдыгын өлчөп жатат
11 / 16
Парашюттук секирүүлөр деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метр бийиктен, согуштагыдай шартта жасалды
12 / 16
"Пантера" атайын аскеринин десанттарынын парашюттан секирип түшүп келе жаткан учуру
13 / 16
Аскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аскер аэродромуна конушту
14 / 16
Мыкты даярдыктагы аскерлер үчүн ар кандай аралыктардан секирүү эч кандай кыйынчылык жараткан жок
15 / 16
Окуу-машыгууда парашюттан секирген десант
16 / 16
Секирип жерге конгон жоокер парашютун жыйнап жатат