Коронавирус дагы 41 адамдан аныкталып, Бишкекте эки бейтап көз жумду

КРде илдет илештиргендердин басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 83 424 бейтап ооруну жеңди. Ошол эле учурда 1 470 адам коронавирустун курмандыгы болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 41 адам коронавирус жуктуруп, 49 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө жалпы 86 451 адамдан коронавирус аныкталды.
Айыккандар:
Илдет илештиргендердин басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 83 424 бейтап ооруну жеңди.
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирустан эки адам акка моюн сунган. Муну менен оорудан каза тапкандардын саны 1 470ке жетти.
Учурда өлкөдөгү стационарларда 359 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 93 бейтаптын абалы оор болсо, 17синики өтө оор деп бааланды. Бир сутка ичинде Бишкекте бир медиктен коронавирус аныкталган.