Энеси алдыңкы буту менен аярлай кармап... Апакай мамалактын жылмайткан видеосу

Ростов-на-Дону шаарындагы зоопарктын вольеринде жашаган ак аюу мамалагы менен эшикке биринчи ирет чыккан учурунун видеосу интернетке тарады. Камкордук менен улам кылчактаган энеси баласынын алысыраак чуркап кетишинен сактанып, кооптонуп турганын байкоого болот.
Sputnik
Кичинекей жаныбар вольердин ичиндеги ар бир буюмду кызыгуу менен карап, "жакындан таанышып" жатканы сырттан караган адамды эрксизден жылмайтпай койбойт.
Илбирске моюн бербей кармаша кеткен топоздор. Айыгышкан күрөштүн видеосу
Мамалак биринчи саякатында айнекти, жерге төшөлгөн таш таманды (брусчатканы) да жыттап, аны "изилдеп" чыккан.
Ростов-на-Дону шаарындагы зоопарктын кызматкерлери аюу баласын өзү каалаган учурда гана эшикке сейилдетип алып чыга тургандыгын кошумчалашкан.
Сүйкүмдүү бул мамалак былтыркы жылы декабрь айында 500 грамм салмак менен туулган.