Жогорку соттун 2 судьясы кызматтан кетип жатат. Аларга 1,5 млн. сомдон төлөнөт

Өз каалоосу менен кызматын тапшырган судьялар дээрлик тогуз жылдан бери иштеп жаткан, ал арада төрайымдын орун басары да болушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жогорку соттун судьялары Каныбек Бокоев менен Анархан Базаралиева өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазды. Анын негизинде президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов ээлеген ордунан бошотуу сунушун парламентке киргизди.
1 / 2
Жогорку соттун судьясы Каныбек Бокоев
2 / 2
Жогорку соттун судьясы Анархан Базаралиева
Депутат Дастан Бекешев алар эмне себептен кетип жатканына кызыгып, "ооруп калдыбы же басым болдубу?" деп сурады.
Калматов башка себебин билбей турганын айтып, башкысы өздөрү арыз жазганын билдирди.
Садыр Жапаров жергиликтүү сотко дайындаган судья Нарынга жиберилди
Ал эми Сайдулла Нышанов жашы эмгек курагына жете электе кызматтан кеткен судьялар 1,5-2 миллион сом компенсация аларын айтып, буларга дагы берилер-берилбесин сурады.
Президенттин өкүлү "ошол сумманын тегерегинде болот" деп ырастады.
Натыйжада депутаттар судьяларды кызматтан бошотуу жөнүндөгү токтомду колдоп берди.
Каныбек Бокоев 62 жашта, буга чейин Жогорку сотто 2012-жылдан бери иштеп келген, 2018-2019-жылдары төрайымдын орун басары болгон.
Ал эми Анархан Базаралиева 58 жашта, 2013-жылдан бери Жогорку соттун судьясы, 2015-2018-жылдары төрайымдын орун басары катары иштеген.