Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар алынып жатат. Сүрөттөр

Мэрия шаардыктарды түшүнүү менен кабыл алып, мыйзамсыз тосуп алган жерлерди жана жеңил курулуштарды алууга көмөктөшүүгө чакырып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы ХБК кичи районунун Салиев көчөсүндө 300гө жакын мыйзамсыз курулуш тазаланды. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
1 / 5
Ош шаарындагы ХБК кичи районунун Салиев көчөсүндө 300гө жакын мыйзамсыз курулуш тазаланды
2 / 5
Билдирмеге караганда, учурда аталган көчөдө көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы кошумча имараттар, тосуп алган короолор, жеңил курулуштар, гараждар алынууда
3 / 5
Мындан сырткары, майда азык-түлүк дүкөндөрү да тазаланып жатканы айтылды
4 / 5
Аталган көчөдө муниципалдык унаа токтоочу жайлар да салынып жатканы айтылды
5 / 5
Мэрия шаардыктарды кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, мыйзамсыз тосуп алган жерлерди жана жеңил курулуштарды алууга көмөктөшүүгө чакырды
Билдирмеге караганда, учурда аталган көчөдө көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы кошумча имараттар, тосуп алган короолор, жеңил курулуштар, гараждар алынууда. Мындан сырткары, майда азык-түлүк дүкөндөрү да тазаланып жатканы айтылды.
Аталган көчөдө муниципалдык унаа токтоочу жайлар да салынып жатканы айтылды. Мэрия шаардыктарды кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, мыйзамсыз тосуп алган жерлерди жана жеңил курулуштарды алууга көмөктөшүүгө чакырды.