Кыргызстандын канайымы эл алдына чыкты. Сүрөт

Айгүл Жапарова акыркы жолу жолдошунун инаугурациясында коомчулукка чыккан. Социалдык тармактарга анын реабилитациялык борборго баргандагы сүрөтү жарыяланды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандын канайымы Айгүл Жапарова “Үмүт — Надежда” реабилитациялык борборуна барды. Анын борборго баргандагы сүрөтү “Тумар” бийчилер тобунун Instagram баракчасына чыккан. 
Анда Жапарова мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек-бечкек бергени айтылат.
Айгүл Жапарова акыркы жолу жолдошунун инаугурациясында коомчулук алдына чыккан.
Канайым тууралуу кенен маалыматты Sputnik топтогон фактылардан окусаңыз болот.