БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева аны жоопко тартууга жол ачкан чечим боюнча комментарий берди. Билдирүүнү маалымат кызматы таратты.
Бүгүн Судьялар кеңешинин алдындагы Дисциплинардык комиссия Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген.
"Мени кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү мыйзамсыз деп эсептейм. Себеби жыйын менин катышуумсуз өттү. Ооруганымды тастыктаган маалым кат жана мен жокто бул маселени карабай турууну өтүнүп жазган арызым эске алынган жок. Мындан сырткары, эмнеге анча шашып чечим кабыл алганы түшүнүксүз. Мыйзамда төрт айлык мөөнөт каралган. Мындай аракеттер мыйзамга каршы келет", — деди Калиева.
Буга чейин УКМК Калиева ар кандай шылтоо менен Дисциплинардык комиссиянын ишин чоюп келе жаткандыгын айткан. Буга Жогорку соттун маалымат кызматы жыйын башкы судьянын ден соолугуна байланыштуу жылдырылып келгенин билдирген.
Жогорку соттун төрайымынын иши
Атайын кызмат "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча Жогорку соттун кызмат адамдарына иш козгогон. УКМК төрагасы бул ишке Калиеванын да тиешеси бар экенин айтып, ага карата иш козголгонун билдирген.
Мындан сырткары, Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага козголгон дагы бир иш боюнча сотко чейинки териштирүүнү баштаганы айтылган. УКМКнын билдиришинче, сот бийлигинин айрым өкүлдөрү өткөн жылдын февраль айында жеке кастыктан улам интернетке башка судьянын беделин түшүргөн видеоматериалдарды интернетке жарыялап, муну менен кесиптешин жоопкерчиликке тартууну максат кылышканы аныкталган. Жогорку соттун төрайымы бул боюнча мыйзамдуу чараларды көрүүнүн ордуна ишти жаап-жашырууга аракет кылганы белгиленген.
Атайын органдын мындай маалыматына Жогорку сот жооп берип, акыркы учурда УКМК сот бийлигинин өкүлдөрүн негизсиз, далили жок айыптап жатканын айткан. Ошондой эле бул сот системасынын беделин түшүрүп жатканы кошумчаланган.