Кемшейип, коркуп, чакчайып... Коронавирустан эмделгендердин реакциясы сүрөттө

Sputnik

Бул адамдар сүрөткө түшүп жатканын билген да эмес. Фотографтар алардын чыныгы эмоциясын түшүрүп калууга жетишкен. Бирөөлөргө дары биринчи жолу сайылып жатса, кээ бирлери экинчи ирет эмделип жатат. Вакцина алып жаткандардын реакциясын, ошол учурдагы жүзүн Sputnik сунуштаган сүрөт түрмөктөн көрүүгө болот.

 

1 / 18
Индияда коронавируска каршы эмдөө учурунан бир ирмем. Serum Institute of India кызматкерине AstraZeneca компаниясынын Индиядан чыккан CoviShield препараты сайылууда
2 / 18
90 жаштагы Жюстина Батистка Кытайдын Sinovac вакцинасы менен эмделүүдө. Бразилия
3 / 18
Медицина кызматкери Пэм Питер экинчи ирет вакцинациядан өтүүгө даярданып жатат. АКШ, Флорида штаты
4 / 18
Сибирь федералдык университетинин кызматкерине "Спутник V" препараты сайылууда
5 / 18
Лондондогу карылар үйүнүн 100 жаштагы жашоочусу Oxford/AstraZeneca менен эмделүүдө
6 / 18
Вакцинация боюнча окутуудан бир кадр. Япониянын Кавасаки шаарында медайым ийне сайганды үйрөнүп жатат
7 / 18
Албаниянын Фиери шаарында карылар үйүнүн тургуну Pfizer/BioNTech препаратын сайдырууда
8 / 18
Парижде коронавируска каршы эмделип жаткан эркек киши
9 / 18
Johnson & Johnson дармеги сайылып жаткан медицина кызматкери. Түштүк Африка, Клерксдорп
10 / 18
Бразилиянын Сан-Паулу шаарында улгайып калган аял Sinovac препаратынын экинчи компонентин алууда
11 / 18
Карылар үйүнүн тургуну эмделип жатат. Чили
12 / 18
Sinovac вакцинасынын экинчи компоненти менен эмделип жаткан индонезиялык кишинин реакциясы
13 / 18
Афганистандын Кабул шаарында AstraZeneca препаратын алып жаткан оорукананын кызматкери
14 / 18
Италиянын Турин шаарындагы Амедео ди Савойя ооруканасында вакцинациядан өтүп жаткан бөлүм башчы Жованни Ди Перри
15 / 18
Свердлов облусундагы Староуткинск айылынын тургуну "Спутник V" менен эмделип жатат
16 / 18
Сенегалдын саламаттык сактоо министри Абдулай Диуф Сарр вакцинациядан кийин
17 / 18
Pfizer/BioNTech менен эмделген 98 жаштагы Генри Воукстун реакциясы. Улуу Британия
18 / 18
Венесуэланын Каракас шаарындагы ооруканаларынын биринде "Спутник V" менен эмдөө учуру