Радио

Мырзабеков: шоколад, кофе, алкоголь ичимдиктери бөйрөктө таш пайда кылат

Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн дарыгери, уролог Жаныбек Мырзабеков эгер бейтаптын бөйрөгүндө таш пайда болгону аныкталса, дарыланып алып гана алыс жолго чыгуусу керектигин айтты.
Sputnik
Бизге адамдар бөйрөктөгү таштар чоңоюп кетип, оору чыдатпай талып калганда кайрылышат. Заара, кандан анализ алып, эгер бөйрөк сезгенбесе, дароо ташты талкалоо ыкмасы менен дарылоого жөнөтөбүз. Бул тууралуу Жаныбек Мырзабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шоколад, кофе, алкоголь ичимдиктери бөйрөктө ташты пайда кылат.
"Бөйрөктөгү таштар ультраүн соккусу менен 30 мүнөттүк процедурада талкаланат. Кээ бир таштар бир эле сеанс менен тазаланса, айрымдарында 4-5 сеанс жүргүзүлөт. Негизи бөйрөктө фосфат, оксалат жана ураттык таштар пайда болот. Ар бир ташка жараша бир нече сеанс белгиленет. Андан тышкары, дарыгер таштын түрүнө жараша диета белгилеп дарылайт. Биздин борбордо полост жана уретерореноскопия хирургиялык операциялары да жасалат. Биринчисинде бөйрөктөгү таш ичти кесүү жолу менен алынса, экинчисинде аппараттын жардамы менен заара түтүгүнөн кирип, көлөмү бир сантиметрге чейинки таштарды алып чыгабыз", — деди Мырзабеков.
Дарыгер региондогу адамдар бөйрөгү ооруса биздин ооруканада уролог жок деп жүрө бербестен ошол аймактагы терапевтке көрүнсө, ал шаардагы дарыгерлерге жөнөтөрүн кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр: