Мэрия "Ала-Тоо" аянтындагы жеңил жана оюн конструкцияларын алып жатат

Мэриянын маалыматы боюнча, жарандар конструкцияларды жашыл өсүмдүктөрдүн үстүнө орнотуп салып жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы борбор калаанын сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү иштери улантылып жатканын кабарлады.
1 / 3
Бишкек мэриясы борбор калаанын сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү иштери улантылып жатканын кабарлады
2 / 3
Маалыматка караганда, "Ала-Тоо" аянтындагы жана Панфилов, Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилиштериндеги мыйзамсыз орнотулган оюн жана жеңил конструкциялар алып салынды
3 / 3
Бул жолу мыйзамсыз 20 объектини алып салууга туура келген
Маалыматка караганда, "Ала-Тоо" аянтындагы жана Панфилов, Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилиштериндеги мыйзамсыз орнотулган оюн жана жеңил конструкциялар алып салынды.
"Объектилердин ээлерине мыйзамдуу негизде иш алып баруу керектиги боюнча бир нече ирет эскертүү берилген. Бирок реализаторлор болбой эле борбордук көчөлөргө, бульвар, тротуарларга туруп алып, жарандардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратышууда. Конструкцияларды жашыл өсүмдүктөрдүн үстүнө орнотуп салып жатышат", — деп айтылат маалыматта.
Бул жолу мыйзамсыз 20 объектини алып салууга туура келген.