Марипов Кытай элчиси менен авиакаттам, вакцина, жүк ташуу тууралуу сүйлөштү

Элчи Ду Дэвень Кытай өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган кезектеги гумжардам жөнөтүү чечимин кабыл алганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Мындан улам достук мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
1 / 2
Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Мындан улам достук мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
2 / 2
Маалыматка караганда, Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолуккан. Өкмөт башчы Кытай тарапка коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Маалыматка караганда, Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолуккан. Өкмөт башчы Кытай тарапка коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Жапаров казак инвесторлорун Кыргызстанга чакырды. Берген убадалары
Ал эми элчи Ду Дэвень Кытай өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган кезектеги гумжардам жөнөтүү чечимин кабыл алганын жана жүк жакынкы күндөрү келерин айтты.
Тараптар соода-экономикалык кызматташуу, коронавируска каршы кытай вакцинасын бекер алуу, "Торугарт" менен "Эркечтам" постундагы жүк өткөрүүнү көбөйтүү маселелерин дагы талкуулашкан.
Мындан сырткары, өкмөт башчы менен элчи эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды жандантуу мүмкүнчүлүгүн дагы сүйлөшүшкөн.